Перс булуңундагы өлкөлөр кыргызстандыктарды жумушка алууга даяр

2 ноября 2022, 14:55

Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги кыргызстандыктарды Перс булуңунун жети мамлекетинде мыйзамдуу түрдө ишке орноштуруу боюнча келишим түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Бириккен Араб Эмираттарында, Сауд Арабиясында, Бахрейнде, Оманда, Катарда, Кувейтте жана Иорданияда 815 бош орун бар.

“Чакырган тарап визаны бекер берет, авиакаттамды төлөйт. Талапкер өзүнүн документтерине байланыштуу чыгымдарды төлөбөйт”, - деп белгилейт басма сөз кызматы.

Толук маалыматты чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан жана - migrant.kg сайтынан алса болот.