«Строй маркет» базарынын чатырын жабуу үчүн 15 млн сом керектелет

23 февраля 2021, 17:30

Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарындагы «Строй маркет» муниципалдык базардын чатырын жабуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгашылды. 

 

Тендердин суммасы 15 млн 804 миң сомду түздү. 

 

Кошумчалай кетсек, чатырды үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата бүткөрүү пландалууда.