Ош-Ноокат-Исфана унаа жолун Жапониянын JICA компаниясы курат

24 мая 2021, 09:01

Күзүндө Ош-Ноокат-Исфана унаа жолунун курулушу башталат. Жолду Жапониянын JICA компаниясы курат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ноокат районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, жолдун абалын эске алып, кыргыз бийлиги курулуш иштерин тез арада баштоого аракет кылат.

Белгилүү болгондой, эл аралык Ош - Ноокат - Исфана жолунун узундугу 47 чакырымды түзөт. Жол 1971-жылы курулган. Бүгүнкү күндө жолдун 70% ы жараксыз абалга келген.