Курулуш тармагындагы ишкерлер Өзбекстандагы UzBuild көргөзмөсүнө чакырылат

13 января 2020, 15:25

КР курулуш бизнесинин өкүлдөрү үчүн, Өзбекстан мамлекетинен өнөктөштөрдү табууга мүмкүнчүлүк пайда болду. КР соода өнөр-жай палатасы курулуш тармагындагы ишкерлерди Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-28-февралда өтө туруучу  эл аралык курулуш UzBuild көргөзмөсүнө чакырат. 

Көргөзмө «Узэкспоцентр» имаратында өтөт. «Катышуучулар курулуш тармагындагы заманбап тренддер менен тааныша алышат», —  деп жазылат маалыматта.