Чек ара жаңжалынан жапа чеккен айылдарга курулуш иши башталды

6 мая 2021, 15:30

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу жаңжалдан жапа чеккен айылдарда бүгүн, 6-майда курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында билдирди.

Бузулган үйлөрдүн ордуна жаңы заманбап турак үйлөр курулат. Курулуш иштери эки айдын ичинде бүткөрүлүшү керек.

Ошондой эле талкаланган социалдык жана соода объектилерин калыбына келтирүү иштери башталат.