Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушуна 800 млн сом керектелет

27 января 2022, 09:17

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Өзгөн шаарын айланып өтүүчү уна жолунун курулуш долбоору менен таанышты. 

Бишкек-Ош жолунда Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрү аркылуу күнүнө оор жүк ташуучу жана транзиттик унааларды кошкондо 35 миңге жакын унаа агылып өтөт, натыйжада жол тыгындары жаралып, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаралууда. Ага байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан 14 чакырым жолдун курулуш долбоору иштелип чыгууда. Долбоордун алдын ала наркы 800 млн сомду түзөт.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзгөн районунун Бөксө-Жол айылындагы авариялык деп табылган №60 орто мектептин абалы менен таанышты. Анда 335 окуучу билим алат. Төрага тармактык мамлекеттик органдарга долбоордук-сметалык документтерди даярдап чыгып, курулуш иштерин баштоону тапшырды.