№ 5 гимназиянын жаңы имаратынын курулушу жаңы окуу жылына чейин бүткөрүлөт

24 мая 2021, 10:40

Бишкектеги профессор А.Молдокулов атындагы № 5 Улуттук компьютердик гимназияга кошумча окуу корпусунун курулушу планга ылайык жүрүп, 75% га бүттү. Бул объекттин сметалык баасы 1 млн 28,6 миң долларды түзсө, анын 472 миң 934 доллары каржыланган, деп билдирди Мамлекеттик курулуш комитетинин басма сөз кызматы.

Учурда подрядчик ички жасалгалоо иштерин жүргүзүп, терезелерди жана эшиктерди орнотуу, ошондой эле электр монтаждоо, суу менен камсыздоо, канализация боюнча жумуштарды аткарып жатат. Мындан тышкары, мектептин территориясын жакшыртуу иштери да уланууда.

Кошумча имараттын курулушун аяктоо жаңы окуу жылына пландаштырылганы белгиленди.