Мамлекеттик ишкананын кызматкерлери ири өлчөмдөгү акчаны уурдоого шектелүүдө

15 ноября 2022, 09:53

Коргоо башкармалыгынын жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери бюджеттик каражаттарды уурдап алгандыгы боюнча шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектелип жаткан мамлекеттик кызматкерлер аскер бөлүктөрдүн биринин тосмосун куруу маалында аткарылган иштердин көлөмү жана колдонулган материалдар тууралуу жалган маалымат беришип, чыгымдарды көбөйтүп жазышкан. Мунун натыйжасында мамлекетке бир миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.