Сот «Кумтөрдөн» 261,7 млрд сом өндүрүү чечимин чыгарды

10 мая 2021, 10:00

7-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр" алтын кенин иштетүү учурунда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө таштанды сактоо боюнча "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын аракеттерин мыйзамсыз деп табуу жөнүндө чечим чыгарган.

Сот "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтан 261,7 миллиард сом өндүрүү жөнүндө чечим чыгарды. Мындан тышкары, облустук сот бул компаниядан 1,3 миллиард сом мамлекеттик алым өндүрүп алуу чечимин кабыл алды.

Бул чечим боюнча 30 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна даттанууга болот.