Кыргызстандагы соттор Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен 10 эсе көп айлык алышат
Кыргызстанда соттордун иши Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин ишинен 10 эсе жогору деп бааланууда. Бул тууралуу депутат Айбек Алтынбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.
Анын айтымында, институттун укук коргоочуларынын маянасы 14-15 миң сом болсо, судьялар 100-200 миң сомдун тегерегинде айлык алышат.
Буга байланыштуу парламентарий министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдон өкмөт бул боюнча кандайдыр бир чараларды көрөбү деген суроо узатты.
"1-августтан тарта мамлекеттик органдардын бардык кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда. Алардын арасында акыйкатчы институту да бар", - деп жооп берди ал.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова институттун кызматкерлеринин айлык акысынын төмөндүгү тууралуу бул фактыны тастыктап, кадрлардын алмашуусуна бул дагы негизги себеп экенин кошумчалады.