Ош: Сулайман-Тоого 60 даана видеокөзөмөл орнотулууда

27 июля 2021, 17:00

Ош шаарындагы Сулайман-Тоого 60 даана видеокөзөмөл камералары орнотулууда. Анын максаты тоого келген туристтер жана жай тургундардын коопсуздугун камсыздоо. Бул тууралуу “Сулайман-Тоо” тарыхый археологиялык музей комплексинин менеджмент жана маркетинг бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, видеобайкоо демөөрчүлөрдүн эсебинен 700 миң сомго коюлуп жатат. Камералар Сулайман-Тоонун негизги деп аталган туристтик жолдоруна жана музейге орнотулат.

Жергиликтүүлөр аталган тоого эс алгандар үчүн шарттын дээрлик жоктугун айтып, социалдык тармактарга байма-бай жазып келишет. Өткөн жылдын ноябрь айында өспүрүм кыз ушул тоодон секирип жанын кыйган. Окуядан кийин активисттер Сулайман-Тоого видеобайкоо орнотуу зарылдыгын айтып чыккан.