КР мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялардын көлөмү 3 млрд сомго жакын
Коммерциялык банктардагы мөөнөтүндө төлөнбөгөн насыялардын көлөмү дээрлик 2.6 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КР УБ билдирет.
Маалыматка ылайык, жалпы насыя портфелдин ичинен (144.2 млрд сом), 62.1 млрд сом - 1-3 жылдык мөөнөткө алынган насыя, 58.8 млрд сом - узак мөөнөткө алынган насыя түзөт.
Дээрлик 13 млрд сом 6-12 айга берилген, 4.4 млрд сом - 3-6 айга, 2 млрд сом - 0-1 айга чейинки мөөнөт менен берилген.