«МИР» карталары боюнча операциялардын суммасы дээрлик эки млрд сомду түздү

5 декабря 2022, 11:31

Быйыл үчүнчү кварталда Кыргызстанда “Мир” карталары боюнча жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү 1 миллиард 72 миллион сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук банкы билдирди.  

Анын ичинен 414,5 миллион сому соода терминалдары аркылуу төлөмдөрдү түзсө, дагы 657,5 миллион сому “Мир” картасынан накталай төлөндү. 

Быйыл экинчи кварталга салыштырмалуу “Мир” карталары боюнча соода терминалдары аркылуу төлөмдөрдүн көлөмү 1,8 эсеге (230 миллион сомдон) өскөн. Бул сумма 2021-жылдын үчүнчү кварталында болгону 600 миң сомду (өсүү 691 эсеге) түзгөн. Ушул жылдын экинчи кварталына карата накталай акчанын көлөмү 489,8 миллион сомдон 1,34 эсеге көбөйгөн.

Кошумчалай кетсек, быйыл тогуз айда эле “Мир” карталары аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн көлөмү (соода терминалдары аркылуу төлөө жана накталай акча алуу) 1 миллиард 952,8 миллион сомду түздү.