Суу боюнча улуттук стратегиялык долбоор иштелип чыкты

6 марта 2023, 12:05

Өлкөнүн 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиялык долбоору иштелип чыкты. Бул долбоор Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги  (SDC) жана Дүйнөлүк банк каржылаган “Улуттук суу ресурстарын башкаруу” (NWR) долбоорунун алкагында иштелип чыкты. Бул тууралуу “Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбоорунун сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, аталган долбоор Айыл чарба министрлиги жана анын Суу ресурстары кызматы бөлүмү, Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги жана Дүйнөлүк банк каржылаган  “Улуттук суу ресурстарын башкаруу” долбоорунун алкагында иштелип чыкты. 

“Кыргызстандын 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиялык долбоору Дүйнөлүк банк каржылаган “Улуттук суу ресурстарын башкаруу” (National Water Resources Managemant Project) долбоорунун финансылык жана техникалык колдоосу менен жыйынтыкталды”, - деп айтылат маалыматта.