Суу рестурстары боюнча мамлекеттик агенттик донорлорго 45 объект сунуштап жатат

3 марта 2020, 12:30

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова 3-мартта өткөн эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин отурумунда Мамлекеттик суу ресурстары боюнча агенствосу канча долбоор менен иштеп жаткандыгын жана алардын суммасы канча каражатты түзгөндүгүн сурады.

Агенттиктин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин айтымында, ирригацияны өнүктүрүү максатында 46 объект салынган.

45 объект боюнча агенттик донорлорго 559.8 млн доллар суммасына долбоорлорду сунуш кылууда. Алардын ичинде Кытай Эл Республикасына – 62 млн доллар, Араб координациялык тобуна - 381 млн доллар, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкына – 95 млн доллар, Корей тилектештик фондуна 21 млн доллардан өйдө.