Токтогул суу сактагычында 14 млрд 899 млн куб метр суу бар

28 октября 2020, 09:45

Бүгүн, 28-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 899 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 223 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 453 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.