Суусундук чыгарган ишканалар I жарым жылдыкта 363,7 млн. сом киреше табышкан

20 сентября 2019, 09:45

2018 – жылы ишканалардын экономикага болгон реалдуу секторунун балансы 27 млрд.26 млн. 536,3 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдайт. 

Экономиканын ар түрдүү багытындагы кирешелүү ишканалардын бюджети 53,2 млрд. сомду түзгөн. Ал эми кээ бир ишканалардын чыгашасы 26, 2 млрд. сомго жеткен. Бул 2018 – жылга болгон көрсөткүч. 

Суусундук чыгарган ишканалардын баланстык жыйынтыгы  2019 – жылдын I жарым жылдыгында 212 млн. 59,1 миң сомду түзгөн. Ушул эле суусундук менен алектенген ишканалардын кирешеси 363 млн. 787, 2 миң сомго жеткен.Ушул эле тармактагы компаниялардын чыгымы 151 млн. 728,1 миң сомду түзгөн.