Сузак сотунун судьясы иштен алынды

19 апреля 2022, 12:45

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотуна мурда жөнөтүлгөн Иматилла Жолдошовдун жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду.

Ал 2022-жылдын 21-мартынан тартып курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.