Сузакта дээрлик 100 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулууда

26 мая 2023, 09:40

Сузакта дээрлик 100 үй-бүлөгө ылайыкташкан социалдык шаарчанын курулушу башталды. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объект Орто-Сай айылында жайгашат.

Долбоор коомдук бирикменин колдоосу менен ишке ашууда. Ага жергиликтүү бийлик 3 гектар жер ажыратып берген. Шаарчада тигүү цехи, ФАП, азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчасы курулат.

Бул жердеги турак жайлар биринчи кезекте көп балалуу жалгыз бой энелерге, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.

Курулуш иштерин ушул жылдын күз айларына аяктоо пландаштырылууда.