Сузактагы чакан ГЭСтин курулушу 99%га аяктады

17 апреля 2023, 09:45

Сузактын Ленин айыл аймагынын Айгыр-Жал участкасындагы чакан ГЭСтин курулушу 99%га аяктап калды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ГЭС ишке берилсе кубаттуулугу саатына 2 миң 400 кВтка чейин электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Гидроэлектрстанция Сузактагы үч айылды электр энергиясы менен камсыз кылат. Аны жергиликтүү ишкер куруп жатат.