Свердлов районунун соту борбордогу турбазаны жеке адамдарга профсоюздун чечими жок сатып салган

2 октября 2019, 13:14

Эл өкүлү Пархат Түлөндыбаев бүгүн, 2-октябрда ЖК жыйынында Бишкектеги турбаза тууралуу сурады. 

Токой  чарба профсоюзунун жетекчиси Канатбек Осмонов шаардын борборундагы турбазаны профсоюздун мүчөлөрүнүн макулдугусуз Свердлов районунун соту жеке адамдарга сатып салгандыгын айтты. Азыркы  учурда профсоюз сатылып кеткен турбазаны кайтарып алуу боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгын кошумчалады. 

Андан сырткары депутат, бул иш көпкө чейин созулуп жатканыдыгын билдирди. 

К.Осмонов депутаттын бул пикирине кошулуп, соттор бул ишти абдан созуп жаткандыгын билдирди.