«Балага сүйүнчү» жөлөкпулун жарым миллиондон ашык жаран алды
"Балага сүйүнчү" долбоору ишке киргенден бери 546 миң 975 адам каражат алган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди
Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 10 айында аймактык башкармалыктар тарабынан жөлөк пул алууга 123 миң 71 кайрылуу катталган.
"Мамлекет бул жөлөк пулду 2018-жылдын январь айынан баштап 4 миң сом өлчөмүндө төлөй баштаган. Эгерде бир убакта үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөт", - деп айтылат маалыматта.