Швейцария Чүй, Нарын жана Ош облустарына гуманитардык жардам берди

14 июля 2020, 14:30

Кыргызстадагы швейцариялык «Жарандар үнү жана ЖӨБ органдарынын отчеттуулугу» долбоору Нарын, Чүй жана Ош облустарынын 30 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы 5 миң муктаж үй-бүлөгө жардам иретинде 6 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык жардам калктын аярлуу катмары үчүн азык-түлүк ктары берилген, ага ун, кесме, кум шекер, гречка даны, коютулган сүт, чай, өсүмдүк майы кирген. Ар бир үй-бүлө баасы 1.2 миң сомду түзгөн азык-түлүк топтомун алган. Алуучулардын тизмесине негизинен кирешеси төмөн жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар жарандар кирген.

«Азык-түлүктүн баардыгы ачык сынак аркылуу сатылып алынган. Жараян тунук жана таза өтүшүн камсызздоо үчүн жерлерде комиссиялар түзүлүп, ага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын мүчөлөрү, депутаттар, мэриянын кызматкерлери жана жергиликтүү активисттер кирген. Комиссия жардамды таратууда жана жайгаштырууда түздөн түз катышты»,-деп айтылат маалыматта