SWIFT системасы толугу менен жандандырылды

21 октября 2020, 12:30

Өлкөдөгү коомдук-саясий абал турукташкан соң, Улуттук банк тарабынан бүгүн SWIFT системасын жандандыруу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалат. 

21-октябрдан баштап коммерциялык банктар жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу эсеп ачуусуз, которууларды жана SWIFT тутумун жана альтернативдик байланыш каналдарын кошо алганда, улуттук жана эл аралык төлөм системалары аркылуу которууларды, эч кандай чектөөсүз которууларды жүргүзүшөт.

Которуу жана төлөө операцияларын жүргүзүүдө коммерциялык банктар террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзамдардын талаптарын сакташат.

Эске салсак, чектөөлөр ушул жылдын 12-октябрында киргизилген.