ЕЭКтин департаменттериндеги бош орундарга сынак жарыяланды

17 ноября 2020, 11:05

Өкмөттүн Аппараты Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги бош кызмат орундарына сынакка катышуу үчүн квалификациялык тандоо жарыялайт. Бул тууралуу өкөттүн сайтында маалымдалат. 

Бул чечим Өкмөттүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 506 «Евразия экономикалык комиссиясынын департаменттериндеги жооптуу кызматтардын бош  орундарына сынакка катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан талапкерлердин ички квалификациялык тандоосун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык кабыл алынган.