Торугарт жана Эркечтам өткөрмө бекеттери 4 күнгө жабылат

28 сентября 2020, 14:00

Кытай тараптын демилгеси менен Кытай Эл Республикасы негизделген күн жана «Күз ортосу майрамына» карата кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт-унаа жолу» жана «Эркечтам-унаа жолу» өткөрмө бекеттери 1-4-октябрь күндөрү иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы билдиргендей, аталган эки көзөмөл өткөрмө бекети 5-октябрдан тарта иштей баштайт.