Тамеки Кыргызстандын Кытайга негизги экспорттук товары болуп калды

27 декабря 2021, 10:56

Ушул жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Кытай 1 млрд 155,4 млн долларга соода жүргүзгөн.Ошол эле учурда Кыргызстандын товарларын КЭРге жеткирүү жалпы соода жүгүртүүнүн 5%дан азын түздү.

Кыргызстандан Кытайга экспорттунун 95%дан ашыгы алты гана товарга туура келет. Алардын ичинен жез рудалары жана концентраттары, мунай продуктылары, баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, чийки алюминий, бодо малдын терисинен даярдалган булгары жана тамеки буюмдары.

Кызыгы, тамеки эң алдыңкы алты продукциянын башында турган. Өлкөнүн ишкерлери аны Кытайга экспорттоодон 16 млн 127,4 миң доллар киреше алышкан.