Тажикстан визаны 1 млн $ сата баштады

27 декабря 2019, 13:55

Тажикстан беш жылдык визаларды 1 млн $ сата баштады. Визадан түшкөн каражаттар экономикага инвестиция болот деп билдирди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон. 

Өлкө башчы туристтик визанын мөөнөтүн 45 күндөн 60 күнгө узартууну тапшырды. 2019-жылы Тажикстанга 1 млн чет элдик туристтер келген. 

Тажикстанда төрөлүп, бирок чет өлкөдө жашап калгандар дагы виза алышат. Алар өлкөгө үч жылда бир кирүүгө уруксат берилди. Президент өлкөдөн сыртка чыккандарга тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.