«Тагай Бий» курулуш компаниясына 36 миң сом айып пул салынды

12 февраля 2024, 15:26

Бишкекте “Тагай бий” курулуш компаниясына эки айып пул салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 23 миң жана 13 миң сомго эки айып салынган.

Муниципалитет мунун себебин компаниянын курулуп жаткан объекттеринде иштеп жаткан атайын техниканын дөңгөлөктөрүнүн кир болушу менен түшүндүрдү.

“Курулуш аянтчаларында, курулуш материалдар өнөр жай объектилеринде (курама темир-бетон заводдору, эритме агрегаттары ж.б.) сөзсүз түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары болууга тийиш. Шаардын аймагына унаалардын дөңгөлөктөрү менен топурак ташууга тыюу салынат”, - деп эскертти мэриядан.