2019-жылы Тажикстан Кыргызстанга 80,6 миң тонна цемент экспорттогон
2019-жылы Тажикстан Кыргызстанга 80,6 миң тонна цемент экспорттогон. Бул тууралуу Тажикстандын телеграф агенттиги жазат.
Былтыр Тажикстанда жалпы 4,2 млн тонна цемент чыгарылган (2018-жылы – 3,8 млн тонна).
«Коңшу мамлекеттерге 1 млн 546 миң тонна цемент экспорттолуп, 2018-жылга караганда 150 тоннага көп болгон. Өзбекстанга 890 миң тонна, Афганстанга 576 миң тонна, ал эми Кыргызстанга 80,6 миң тонна сатылган», - деп айтылат маалыматта.
Тажикстанда өндүрүлгөн цементтин басымдуу бөлүгүн (90%) үч тажик-кытай биргелешкен ишканалары – «Чунгтсай Мохир цемент», «Хуаксин Гаюр цемент», «Хуаксин Гаюр Сугд цемент» ишканалары чыгарат. Учурда Тажикстанда цементти өндүрүүдө 18 ишкана иштейт.