Тажикстанда доллардын курсу сомониге карата 10% жогорулады

5 ноября 2020, 12:10

Тажикстанда доллардын наркы көтөрүлдү. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы маалымдады. 

Улуттук банк жарыялаган расмий курска ылайык, 1 доллар 10,3 сомониден 11,3 сомониге кымбаттады. Каржы көзөмөл мекемеси мындай чечимин валюталык тобокелдиктердин таасири, ошондой эле расмий жана бейрасмий курстун ортосундагы айырмачылыкты 2% деңеээлде камсыздоо аракети менен түшүндүрүүдө. Акыркы күндөрү расмий жана бейрасмий курстун айырмачылыгы 9,3% жеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, доллар курсунун сомониге карата жогорулашына ага суроо-талаптын күчөгөнү, тышкы сооданын терс балансы, чет өлкөлөрдөн акча которуулардын жана чет өлкөлүк инвестициянын азайышы себеп болууда.

Быйыл январдан октябрга чейин улуттук валютанын долларга карата курсу 6,7% төмөндөгөн. Бул 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,9 пунктка көп.

Тажикстанда 2016-жылдан бери банктарда гана акча алмаштырууга мүмкүн. Банктан тышкары операцияларды аткаруу үчүн мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.