Талант Мамытов ден-соолугуна байланыштуу ооруканага түштү

30 июня 2021, 09:47

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден-соолугунун начарлап кеткендигине байланыштуу ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда спикердин абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин аппаратынын 13 кызматкерине, анын ичинде төраганын кабылдамасындагы кызматкерлерге COVID-19 диагнозу коюлган. Илдеттин мындан ары жайылып кетпеши үчүн жана коронавирустун алдын алуу максатында ЖКнын 36 кызматкери аралыктан иштөө режимине өткөнү маалым болду.