Талапка жооп бербеген клиникаларга 1,5 млн сомдой айып пул салынды

24 января 2024, 11:21

Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясы лицензиясы жок иштеп жаткан 212 жеке менчик медициналык мекемени аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 142, Чүй облусунда – 37, Ош жана Ош облусунда – 33 медициналык мекеме аныкталган.

Алсак, лицензиялык талаптарды бузгандыгы жана санитардык-эпидемиологиялык режимди сактабаганы үчүн, ошондой эле лицензияланбаган ишмердүүлүк үчүн өлкөнүн “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык 251 субъектиге айып пул түрүндө жаза колдонулган. 

“Жалпы суммасы 1 млн 449 миң сомду түзгөн, 256 жазуу түрүндө эскертүү берилди”, - деп айтылат маалыматта.