Таласта 323 кычкылтек концентратору, жасалма дем алдыруучу 21 аппараты бар

27 июля 2020, 14:50

Талас облусунда 323 кычкылтек концентратору, жасалма дем алдыруучу 21 аппараты бар. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, облуста 7 БИПАП аппараты иштөөдө.

«Таласка өкмөт тарабынан жана жарандардан да жардам келүүдө. Жакында өкмөттөн 60ка жакын кычкылтек концентратору келген. Ал эми дары-дармектер боюнча айтсам, дарыканаларда гепарин жана клексан дарылары сатылып жатат. Ал эми ооруканаларда алар бекер берилүүдө», - дейт ал.

Мураталиев маалымдагандай, Бакай-Ата районундагы ооруканага суюк кычкылтек системасы киргизилген. Кара-Буура районунда жугуштуу оорулар ооруканасы жакынкы аралыкта ачылат.