Талас облусунда сүт өндүрүүнүн көлөмү азайды

27 ноября 2023, 13:45

Январь-октябрь айларында Кыргызстанда сүт өндүрүүнүн көлөмү көбөйгөн. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирет.

Быйыл тогуз айда Кыргызстанда 1 млн 540,3 миң тонна өндүрүлгөн. Ушул эле мезгилге салыштырганда өндүрүш 36,8 миң тоннага өскөн. 

Чүй облусу сүт өндүрүү боюнча алдыңкы орунга чыккан. Бул мезгил ичинде аймакта 388,9 миң тонна өндүрүлгөн. Бишкек шаарында 338 тонна, Талас облусунда 67 миң тонна гана сүт өндүрүлгөн.