Талас шаарында 2,5 млн сомго сейил бак оңдолууда

16 апреля 2024, 15:50

Талас шаарындагы К. Токтогулов №39 дарегинде жайгашкан сейил бак реконструкцияланууда. Бул тууралуу Талас мэриясы билдирди. 

Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине 2 млн 500 миң сом акча сарпталууда. Анын 1 млн сомун жеке ишкер Эсен Казакбаев демөөрчүлүк көрсөткөн. 

Реконструкция иштеринин алкагында жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдор оңдолуп,  түнкү жарыктандыруулар жана отургучтар калыбына келтирилди. 

“Декоративдүү ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулуп,  жашыл газон себүү иштери жүргүзүлдү. Буга кошумча жергиликтүү тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү максатында балдар ойноочу аянтча курулууда”, - деп айтылат маалыматта.