Таласка дем берүүчү гранттардын эсебинен 31,1 млн сом жумшалды

10 ноября 2023, 16:21

Быйыл он айда Талас облусуна  дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 31,1 млн сом жумшалып, 20 долбоор каржыланды.   

Маалыматка ылайык, 9 мектепке – 14,7 млн сом,  1 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектисине - 2,6 млн сом, 4 спорттук курулушка – 3,8 млн сом, 3 маданий объектке – 4,7 млн сом, 3 бала бакчага – 5,3 млн сом жумшалды.