«Түндүкэлектрдин» Таластагы филиалы 1,3 млн сомго оргтехника сатып алат

6 августа 2021, 09:45

"Түндүкэлектр" ААКнын Таластагы филиалы оргтехниканы сатып алууну көздөп жатат. Тендер мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, компания 20 компьютер, 1 ноутбук жана 15 принтер сатып алууга дээрлик 1,3 миллион сом сарптайт.