Таласта 1 миң 224 орундуу чоң мектеп курулат

29 февраля 2024, 12:40

Талас шаарына 1 миң 224 орундуу мектеп курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектепте спорт аянтча, бассейн, китепкана, 600 орундуу жыйын зал, спорттук зал, 612 орундуу мектеп ашканасы жана атайын унаа токтотуучу жай болот.

Аны менен катар таза суу, саркынды сууга туташтыруу, жылуулукка жана электр жарыгына кошуу каралган.

Курулушту 2025-жылдын жазында баштоо пландалууда.