Таласта 95 млн сомго жаңы мектеп курулду
Таласта жаңы мектеп ачылды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн такташкандай, 275 орундуу билим уясы Көк-Токой айылында курулду.
Маалыматка ылайык, курулушка 95 млн сом жумшалды. Каражат мамлекеттин эсебинен бөлүнгөн.