Таласта көмүрдүн баасы дээрлик 10 миң сомго чыкты

4 октября 2023, 14:35

Талас облусунда жергиликтүү көмүрдүн баасы 5 миң 600 сомдон 6 миң 700 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу "Акчабарга" Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы отун базасында жергиликтүү социалдык арзан көмүр 5 миң 600 сомдон сатылууда. Ал эми жеке ишкерлер “Кара-Кече” көмүрүн 6 миң 700 сомдон сатышууда.

Импорттук көмүрлөрдөн Таласка Казакстандын бир гана “Каражыра” көмүрү алынып келинүүдө.

Бүгүнкү күндө Таласта “Шабыркүль” көмүрү сатылбайт. Казакстан быйыл май айынан тарта көмүрдү транспорт менен ташууга тыюу салгандыктан, көмүр “Маймак” станциясы аркылуу темир жол менен гана келүүдө. Учурда аймакта “Каражыранын” социалдык арзан көмүрү 8 миң 200 сом, ал эми жеке ишкерлер 9500 сомдон сатууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилеп кетсек, буга чейин “Акчабарга” жергиликтүү тургундар Таласта көмүрдүн баасы кымбаттаганын билдиришкен.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында көмүр жогорулатылган баада сатылып жатканын билдирген. Анын айтымында, Чүй облусунда көмүр 4,5-5 миң сом, ал эми Ош жана Баткен облустарында 6 миң сомго чейин сатылышы керек.