Таласта прокурорлор менен жергиликтүү ишкерлердин жолугушуусу болуп өттү

28 февраля 2020, 11:30

Талас облусунун прокурору Гүлмира Кашкарова  региондогу ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда укук коргоо органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана мамлекеттик көзөмөлдөө органдары катышышты. 

Кашкарова билдиргендей, ишкерлердин укугун коргоодо прокурорлор негизги ролду ойнойт деп билдирди  жана катышуучуларга 2019-жылдын прокуратурадагы жыйынтыктары менен тааныштырды. Андан сырткары, прокурорлор тарабынан мыйзамсыз бузуулар катталса, ачык сүйлөшүүгө кызыктар экенин билдирди. 

Жумушчу топтун катышуучулары актуалдуу суроо жаратып келген кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө болгон негизсиз текшерүүлөр боюнча маселени көтөрүштү. 

Ошондой эле, ишкерлерди колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан бир катар иш-чаралар тууралуу маалыматтар айтылды. Массалык маалымат каражаттар аркылуу ишкерлердин укугун коргоо боюнча мыйзам ченемдерин түшүндүрүү боюнча маалыматтар кенен берилген жана «ишеним телефон» аркылуу прокуратура органдары мыйзам бузуу фактылары тууралуу түз кабардар боло алышат.