Таласта жети жылдан бери бүтпөй турган бала бакча ачылат

5 марта 2024, 16:45

Талас облусунун Көк-Сай айылында жети жылдан бери бүтпөй турган бала бакча жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Мектепке чейинки билим берүүчү жай 140 орундуу. Долбоор боюнча имарат эки кабаттан турат.

Курулушу 2017-жылы башталган бала бакча республикалык бюджеттен каржыланууда.