Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди

18 марта 2021, 09:10

17-мартта Жерүй кенинде Талас алтын комбинаты ишке киргизилди. Ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Орусиянын президенти Владимир Путин катышты.

 

Маалыматка ылайык, алтын комбинат аркылуу Кыргызстандын бюджети жылына 70 миллион долларга жакын каражатка толукталат. Жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөт. Жылына 1,3 миллион тоннага чейин руда өндүрүлөт.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна 923 млн. сом бөлүнгөн. Фонд аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турары айтылды. Бул үчүн дагы кошумча 600 млн сом которулган.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын,  Жерүй долбоору экологиялык жактан таза экендигин билдиришти.