Таластагы социалдык шаарча 12 батирлүү үч турак жай менен толукталды

24 марта 2023, 12:15

Таластагы социалдык шаарча 12 батирлүү 3 турак жай менен толукталды. Бизге шаардык мэриядан такташкандай, аймактагы шаарчада эми 72 батирден турган 18 үй бар.

Ар бир батирде үч бөлмө, өзүнчө жуунуучу жай, от жаккан жер жана атайын тосулган короо каралган. Курулуш араб коомдук бирикмеси тарабынан каржыланды.

Белгилеп кетсек, Талас шаарында аз камсыздалган, турак жайга муктаж 2 миң 800дөн ашык үй-бүлө бар.