Таластын Айтматов районунда дээрлик 7 млн сомго аллея курулат

27 февраля 2024, 11:45

Таластын Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылына жаңы аллея курулат.

Эскиздик долбоор аймактын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Мындан тышкары, аталган айылдын борбордук бөлүгүндө тротуарлар реконструкцияланат.

Курула турган аллеянын сметалык наркы дээрлик 7 млн сомду түзөт. Аны ушул жылдын I жарым жылдыгында аяктоо пландалууда.