Бажы кызматы төлөмдөрдү жыйноо боюнча планды 30%га ашыра аткарды

31 января 2022, 09:13

Мамлекеттик бажы кызматы январь айы үчүн белгиленген пландын көлөмү 3 млрд 359,8 млн сом болсо, 4 млрд 368,3 млн сом жыйналган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алсак, белгиленген план 130%га, же 1 млрд 8,5 млн сомго ашык аткарылды.

Өткөн жылга салыштырмалуу өсүш 2 млрд 388,4 млн сомду түздү.