Бажы кызматы 2022-жылга коюлган планын ашыра аткара алды
Өткөн 2022-жылдын январь-декабрында Бажы кызматына 74,3 млрд сомдук бажы төлөмдөрү түшкөн. Ага ылайык, белгиленген план 100,8%га аткарылган, же 604,8 млн сомго көп түшкөн. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, 2021-жылдын ушул мезгилине карата бажы төлөмдөрүнүн суммасы 46,9 млрд сомду түзгөн.
“Тагыраак айтканда, 2022-жылы 12 айда бажы төлөмдөрү 27,4 млрд сомго көп жыйналып, өсүү темпи 158,5%ды түздү. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 40 миллиард сомго, 2018-жылга салыштырмалуу 32,5 миллиард сомго, 2019-жылы 31 миллиард сомго көп”,- деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Белгилеп кетсек, бажы төлөмдөрү боюнча мындай көрсөткүч Бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалды.