Бажы кызматкерлери 5 млн сомдук тамекини аткезчилик жол менен ташып бараткандарды кармашты

17 ноября 2021, 17:52

Бажы кызматкерлери 5 миллион сомдон ашык аткезчилик тамекилерди кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

13-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда 1,3 млн даана көлөмүндөгү акциздик маркасы жок Milano London жана Milano Tech Lock маркасындагы фильтрлүү тамекилери табылган.

"Жалпы баасы 5 млн 325 миң сомдук товар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу менен ташылып келинген. Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.