Бажы кызматкерлери декларацияланбаган товарлардын ири партиясын кармашты

21 августа 2021, 13:00

ЕАЭБтин бажы чек арасы аркылуу товарлардын жана транспорт каражаттарынын мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө бажыда декларацияланбаган жүктөрү бар үч жүк ташуучу унаа кармалды, деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, товарлар Түркиядан келген жана жалпы салмагы 52 миң 898 килограммды түзөт.

Жүк A.L.G компаниясына тиешелүү болгон.